Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө Фонду түзүлдү

Мезгил. 

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик Фонд түзүлүп, Адилет министрлигинен каттоодон өттү.

Аталган фонд учурда ишмердүүлүгүн баштады. Уюштуруучулар кабарлашкандай, анын башкы максаты Кыргызстанда журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү, журналисттердин коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз иш аракеттерди ашкерелөөгө багытталган демилгесин колдоо болуп саналат.

Фонд өлкөдөгү курч маселелерди иликтеген журналисттик иштерге сынак жарыялап, аны аткарууга материалдык көмөк да көрсөтөт. Ошондой эле, аны менен бирге резонанстуу журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкуу жана дискуссияларды уюштуруп турат.

Фонд жыл сайын уюштурулуучу журналисттик иликтөөлөрдүн жеңүүчү авторлоруна Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты ыйгарып, дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткен маркум журналисттин ысымын түбөлүк калтырууну каалайт.

Фонддун и шмердүүлүгүн ачык-айкын кылуу максатында Байкоочу кеңеш түзүлүп, анын курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден, белгилүу журналисттерден турган 11 адам кирди. Алар:

 Роза Отунбаева Кыргызстандын экс-президенти;
Бурулкан Сарыгулова-   “Азаттык” радиосунун башкы редактору;
Нарын Айып – журналист;
Олжобай Шакир  –журналист, акын;
Султан Каназаров – журналист;
Элдияр Арыкбаев –  Kloop.kg маалымат порталынын башкы редактору;
Азамат Тынаев –  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы;
Рита Карасартова –  «Коомдук анализдөө Институту» ААнын жетекчиси;
Өндүрүш Токтонасыров – жарандык активист;
Искендер Ормон уулу – “Сереп” аналитикалык-иликтөө Институтунун директору;
Элмира Ногойбаева – «Полис Азия» аналитикалык борборунун директору;

Фонддун төрагасы болуп  медиа менеджер Айбек Турдалиев дайындалды. Фонддун ишмердүүлүгүнүн расмий бетачары ушул жылдын сентябрь айында өткөрүлөт жана анда мыкты иликтөө долбооруна Уланбек Эгизбаев атындагы сынак жарыяланат.

Каржылоо маселеси өз каалоосу менен каржылык салым кошкон активдүү жарандардын салымы менен чечилет. Биринчилерден болуп экс-президент Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

 Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *