Уланбек Султангазиев актер: Түбөлүккө жүзүмдү буруп кетем

Мезгил

Амантай Кутманалиев, төкмө акын

-Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт» деген макалды сиз кандай түшүнөсүз?

-Адам жылкы мүнөз келет эмеспи. Негизинен бул сөздү ар ким ар кандай түшүнсө керек.  Мен эр жигит качан колунан келип турган учурда бой көтөрүп, көппөш керек, ырыс теппеш керек деп түшүндүм. “Бак мөмө байлаган сайын ийилет» деген жакшы кеп бар эмеспи.

Замир Мырза, ырчы

 

-Кайсыл жерде эс алууну жактырасыз?

-Жай айы эс алууга ыңгайлуу айлардан болгондуктан бул жайда дагы жайлоого чыгып, кымыз ичип,  андан кийин кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө барып эс алуубузду уланталы деген жакшы пландарыбыз бар.  Негизинен жылда башка өлкөлөргө да барып эс алчубуз.  Бул жылы жумуш көбүрөөк болгондуктан алыска чыкпай туралы деп чечтик.

Жолдошбек Жанжигит уулу, актер

 

-Аба ырайы сиздин маанайыңызга таасир бериши мүмкүнбү?

-Албетте мага эле эмес адамзаттын баарына эле таасир этсе керек. Кээде пландап койгон иштериңе да таасир бериши мүмкүн. Азыр күн ысып тургандыктан, бир аз жамгырлуу аба ырайы болсо жакшы болмок. 

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы

-Айдай чырайды иттей кыял бузат» дегенди кандай түшүнөсүз?

– Кээ бирлери бар го сырты жалтырак, ичи калтырак болгондор. Бул сөз ошолорго карата айтылса керек деп ойлойм. Кыялың начар болсо анда сырткы сулуулугуңдун эмне кереги бар дегендей. Канчалык сулуу болуп, бирок кыялың жаман болсо анда сендеги сулуулукту ошол кыялың бузуп коёт эмеспи.

Уланбек Султангазиев актер

-Кекчилсизби же кечиримдүүсүзбү?

-Негизи эле баардыгына ак дилим менен мамиле кылам. Улуусуна кичүүсүнө да бирдей дегендей. Бирок мен кылбаган нерседен мен ал кылгандай кылбайт элем деп капа болом. Анткен менен кандай гана болбосун үч жолу кечирем. Үчүнчүсүндө түбөлүккө жүзүмдү буруп кетем. Баардыгына акыреттик мамиле кылам. Тигил же бул деп бөлүп карагандардан эмесмин. Эгер душманым кымындай жакшылык кылып  калса, жибип кетем. Себеби, бир жакшылык кылган адамга, миң жакшылык кылуунун амалын издейм.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *