Улугбек Ормонов: Транспорт жана жол министрлиги иштебей калды

Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтыруу жолу менен адам катышын жокко чыгаруу, транспорттук көзөмөл жайларындагы коррупцияны жоюуга багытталган мыйзам долбоору каралып добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Улугбек Ормонов мындай маанилүү мыйзам долбоорлорун Өкмөт сунушташы керектигин баса белгиледи. «Транспорт жана жол министрлиги иштебей калды. Жетекчилери коррупциялык кылмыштар менен четинен камалып жатат. Алардын бул жерде отурган өкүлдөрү деле ошолор менен чогуу да. Өкмөт бул багытта иштиктүү чараларды көрүп, абалды жакшыртышы керек», – деди ал.

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. Ал эми Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Өкмөт дагы ушул багытта аракеттерди көрүп жатканын, азыркы учурда тийиштүү мыйзам долбоору даяр болгонун, сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери менен биргелешип иш алпарууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *