Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

   Мезгил

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөштүн U23 версиясы   боюнча дүйнө чемпиону болду. Биринчилик ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат. Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен күч сынашып, 5-3 эсебинде жеңди. 

Белгилей кетсек, Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. 

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *