Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү

  Мезгил

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, Оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданийц иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү – Р.Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *