Мезгил
Улуттук коопсуздук комитетинин 9чу Кызматынын башчысы алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, бул орунга Тимур Шабданбеков дайындалды.
Дагы бир буйрук менен 9 Кызматтын буга чейинки жетекчиси Токтосун Сабыров берген арызына ылайык кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитетинин 9чу Кызматы президентти жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоого алат.