Улуттук университети жогорку окуу жайлардын башын бириктирди (фото)

  Мезгил

Кечээ 25-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бишкектеги Жогорку окуу жайлардын кызматкерлери ортосунда “Кош жылдыз” деген аталыштагы кароо сынак болуп өттү. Кароо сынакта жогорку окуу жайлардын кызматкерлери окуудан тышкары коомдук маданий иштерге активдүүлүгүн көрсөтүп ар бир катышуучу жогорку деңгээлде аткаруу чеберчилигин көрсөтүштү.

Ал эми бул сынакты уюштуруу демилгесин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти көтөрүшкөн. Улуттук университеттин жаш кызматкерлери уюштурган бул кароо сынак алкоого алынып келген көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Сынактын баш байгесин милициянын генерел-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясы жеңип алып, Дубайга жолдомо алышты. Ал эми экинчи орунду К.И.Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин кызматкерлери багындырып, Ысык Көлдөгү алдыңкы пансионаттардын бирине жолдомолуу болду. 

Үчүнчү орунга коюлган плазмалык сыналгыны  И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын кызматкерлери багындырган. Ал эми Эл аралык университети төртүнчү орунга ээ болуп, тиричилик техникалары менен сыйланды. Андан тышкары баардык катышуучуларга дагы тиричилик техникалары белекке берилип, жалпы Кыргызстанда өтө турган “Кош жылдыз” кароо сынагына жолдомону “Кош жылдыз” долбоорунун автору, маданияттын мыкты кызматкери Калипа Сейдалиева тапшырды.

Ал эми баш байгени тапшырып жаткан Ж.Баласагын атынлдагы КУУнун ректору Канат Садыков: “Бул сынак баардык окуу жайлардын башын бириктирип, айрымдары менен тажырыйба алмашуу менен бирге ынтымакты бекемдөө сынактын башкы максаты” экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле калыстар тобуна келген актёр Назым Меңдебаиров менен ырчы Назми Байзакова дагы кароо сынак жогорку деңгээлде мыкты уюштурулгшандыгына баа берүү менен  Улуттук деген флагманды алып жүргөн университет ошентип биринчи жолу жогорку окуу жайлардын бириктирип атына заты дагы дал келген жакшы иш чара уюштурду деген жылуу пикирлерин айтышты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *