Улуттук жарма жана максым суусундуктары кантип жасалат?

Мезгил

Жайдын ысык күндөрүндө чаңкаган адамдын суусунун кандырган кыргыздын улуутук суусундуктарынын бир нече түрлөрү бар. Алардын бири жарма. Шоро компаниясы  жасаган жарма менен  үй шартында жасалгандын айрымасы бар. Ачытылган жарма менен ачытылбаган жарманын кантип даярдаларын билип алсаңыз жайдын ысык күндөрүндө тамшана иче бересиз. Бүгүн сиздерге чаңкооңуздарды кандырган жарма менен максым шоронун жасоо ыкмаларын сунуштайбыз.

Жарма суусундугун даярдоо ыкмасы

Жарма арпа, буудай жана жүгөрү талканынан жасалат. Ал жасалган аймагына жараша даамы айрымаланып турат. Жарманы даярдоо үчүн биринчи кезекте койдун тоң майын алып аны казанга эритүү керек.

Андан кийин 100 грамм ун кошулуп, кызаргыча куурулат. Андан соң суу куюп ал жылымык болгондо ага каалаган буудай арпа жүгөрү талкандарынын бирин  кошуп аны чаласыз. Кайнап чыккыча бат-баттан аралаштыруу зарыл.

Жарым саат  кайнап чыккандан кийин оттон алып салкын жерге коюу керек. Муздаганда ага сүзмөнү өтө суюк кылбай эритип жармага кошосуз жана  татымына жараша туз кошуп аралаштырасыз.

Жарма негизи  талкандан жасалган суюк тамак катары эсептелинет. Муну ичип жүрсө курсакты да  ток кармайт. Ал талкандын түрүнө жараша таруу жарма, буудай жарма, арпа жарма деп да бөлүнөт.

Максым шорону даярдоо ыкмасы

Максым шоро – ачытылган жарма. Муну арпа жана буудай талкандарынан жасайт. Биринчи кезекте буга да койдун тоңгон майын казанга ээритип, 100 граммдай ун кошулуп, кызаргыча куурулат. Андан соң 10л суу куюп (канча литр жасалат ошого жараша)  жылымык болгондон кийин ага 300грамм талкан кошуп чаласыз. Жай отто 30-40минут  кайнап чыккандан кийин оттон алып муздатуу керек.

Суусундук муздак тартары менен ага ачыткы (көрөнгө) эки чоң кашык ун, татымына жараша туз кошуп жылуу жерге 10 саатка коюп ачытуу зарыл. Жарым күн тургандан кийин ачып чыгат да суусун кандыруучу эң сонун каражат даяр болот.

Жарманын пайдасы

Жарма же болбосо ачытылган жарма. Бул иммунитетти көтөрүп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Курамында фосфор, кальций, магний  бар.

Булак: Мезгил Ньюс.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *