Мезгил
Өлкөдө унаа үчүн салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталды. Маалымдалгандай, салыкчылар менен жол инспекторлор тинтүүлөрдү жүргүзүүдө.Буга байланыштуу, айдоочулар салык төлөгөндүгү боюнча квитанцияны алып жүрүшү оң.
Мындан тышкары, төлөм бергендерге акысыз стикерлер таратылган. Аларды унаанын маңдайкы айнегине чаптап алуу менен инспекторлордун ашыкча токтотуусунан арылса болот.
Салык бербегендер аны төлөп тим болбостон, 2 миң сом айып төгөт.
Булак: Мезгил Ньюс