Унаа каражаттары жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы кармалды

Мезгил

Бишкек шаарынын унаа каражаттары жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чиновник туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнүнө айыпталууда. Ал унааларды каттоодон өткөрүүдө жана автомектептердин окуучуларынан экзамен тапшырууда пара алчу.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

  Кармалган башчы Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *