Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов кызматтан кетүүгө даяр

 Мезгил

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов кызматтан кетүүгө даяр. Ал бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын бирине билдирди.

Министр  орун басарынын пара берип жаткан жеринен кармалганына байланыштуу ээлеген кызматынан кетүүгө даяр экендигин айтты.

 Анын айтымында ал премьер-министрдин иш бөлмөсүнө кирип, Мухаммедкалый Абылгазиевге бул тууралуу билдирген.

 “Кандай болгон күндө дагы мен моралдык жоопкерчилик тартам. Мен жетекчиликке кызматтан алууга чейинки да жаза тартууга даяр экенимди билдирдим-дейт министр.

Белгилей кетсек, Унаа жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев  УКМК кызматкерине 10миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эки айга камакка алынды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *