Университеты. Өкмөт билим берүү министрине качан чара көрөт?

Мезгил

  Чабал өкмөттүн чала сабат Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева түшпөс ханбы? Дегенибиз, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага карата бир топ сындар айтылып келет. Буга  чейин бир эмес, бир нече каталарга жол берип, коомчулукка “эки катадан эмне болмок” эле деген сөзү менен эсте калды.  Бул гана эмес  окуу китептеринен, мектепти бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүдө олчойгон ката табылган.  

 Канчалаган каталарга жол берилсе да бул министр айымга эч кандай чара көрүлбөй дале  билим берүү министрин  башкарууда. Ал эми  аталган министрлик абитуриенттерге арналган атайын сайт ачты.  Аталган сайтта да каталарга жол берилген.  Анда “Ала-Тоо” эларалык университети, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университеты” деп жазылган. Ал эми туурасы “эл аралык”, “университети” деп жазылат.

Үркөрдүн кызы “үлпүлдөк” сулуу болсо дагы өкмөт Кудайбердиевага бир чара көрүш керек го… Же чабал өкмөттүн жүзү чала сабат Гүлмира айымбы?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Университеты. Өкмөт билим берүү министрине качан чара көрөт?”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *