Мезгил
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, ордо калаада жума аягына чейин күн жылуу болот.
Маалыматка ылайык, ишембиге чейин көк асманда бир дагы булут пайда болбойт.
Түнкүсүн +5 болсо, күндүз аба табы дээрлик 16 градуска дейре көтөрүлөт. Эс алуу күндөрү ала булут каптаганы менен, температура төмөндөбөйт. Ал эми эмки жумада күн 20 градуска чейин жылыйт.