Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу сунушталууда

Мезгил

Борбор калаадагы эски аянтка мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүп, коомдук талкууга коюлду.

Бул маселе өткөн аптада шаардык Кеңештин жыйынында каралып, токтом кабыл алынды.

Турдакун Усубалиевдин Усубалиевичтин ысымы Бишкек шаарында Орозбеков-Раззаков көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан аянтка Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын маңдайына тиркелген схемага ылайык ыйгарылсын – деп токтомдо бекитилген.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөдө көтөрүлгөн маселеден улам жана президенттин жарлыгына ылайык, атайын комиссиянын чечимдерин эске алынышы менен шаардык кеңеш чечим кабыл алганын баса белгиледи.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *