«Ууруну кармагыла» деп кыйкырып эл четинде «ууру» жүрөт

  Мезгил.

Атамбаев декларациясында жер тилкелерин жашырган

Factcheck.kg сайты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин декларациясында 2015, 2016, 2017-жылдарда көрсөткөн мүлкүн Кадастр кызматынын сайтында жайгаштырылган маалыматтар менен салыштырып, анын жашырган жерлери тууралуу далилдерди таап чыкты. Атамбаевдин Кой-Таштагы азыркы жашап турган үйүнүн жери «Ден соолукту чыңоо борбору» катары катталган. Буга чейин экс-президент Айнура Ибраимовадан (абактагы мэрдин жубайы) 2015-жылы 12-майда жер сатып алгандыгы жөнүндө ЖМКда жазылган. Ибраимова бул жерге 5 күн гана ээлик кылган. Алгач жер «Дастан» заводуна тиешелүү болуп, анан Анарбек Укуевге өткөн. 

 Кадастр кызматынын иш кагаздарында бул тууралуу маалыматтар жок. 2,7 га жер кийин Албек Ибраимовдун жубайына катталып, анан Атамбаев курдурган азыркы үйдүн жерлери бириктирилет. Бул жер тилкелери Кадастр кызматынын сайтында «пайдалануу формасы» деген графада – «ден соолукту чыңоо борбору», «пайдалануу максаты» деген жерге «маданий» деп жазылган. Тилекке каршы бүгүн ден соолукту чыңоо, маданий борбор курулат деген жерде Атамбаевдин хан сарайы кашкайып турат.

 Мамкатоонун маалыматы боюнча Атамбаев Кой-Ташта 5 сотых айыл чарба багытындагы жерди ижарага алат. Ал да ошол эле күнү, 2015-жылы 12-майда Айнура Ибраимова жер саткан учурда катталган. Бирок экс-президенттин 2015-2017-жылдардагы декларацияларынын биринде да бул тууралуу көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда Атамбаев мүлкүн жашырып койгон.

 2015-жылы ошол эле Кой-Таштан 70 сотых жерди «көп жылдык дарак отургузуу» максатында ижарага алат. Муну да 3 жылдык декларациясында көрсөткөн эмес. Мыйзам боюнча айыл чарба багытында ижарага алынган жерлер да декларацияда көрсөтүлүшү керек. 2018-жылы Атамбаев дагы бир нече жер тилкелерин ижарага алат, бирок, бул тууралуу Кадастр кызматында маалымат жок. Ал тургай Арашан айылында да Атамбаевдин мындан көп жерлери бар.

Декларацияда көрсөтүлбөгөн Арашандагы жерлер:

  • 2010-жылы ноябрь айында «көп жылдык дарак отургузуу үчүн» алынган 6,4 га жер;
  • 2016-жылы сентябрда ижарага алынган 0,25 га айыл чарба багытындагы жер;
  • 2018-жылы 5 миң 700 га жайыт жерди өз атына ижарга алган.

Атамбаевдин Арашан менен Кой-Таштагы жерлерин бириктирсе кичинекей шаарга же Бишкектин үчтөн бир бөлүгүнө барабар болот экен. Анын канчасын декларациядан жашырып келгендиги тууралуу жогоруда айтылды. Мүлкүн декларацияда ачык көрсөтпөй, жашырып койгон жарандар мыйзам чегинде жоопко тартылат. Алардын катарында кол тийбестигинен ажырап калган Алмазбек Атамбаев дагы Кыргызстандын катардагы жараны катары жоопко тартылыш керек.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *