Мезгил.
Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” басма үйү жана “Рубикон” рекламалык фирмасына карата жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш иши 4-сентябрда рейдерлик эмес, факты боюнча козголгон. Башкача айтканда, конкреттүү бир адамдарга эмес, Сот департаментинин Бишкектин Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн ачылган. Мында кызматкерлердин аракети каралат. Александр Кимдин арызынан улам иште акыйкаттык, мыйзамсыздык болгон-болбогонун тактоо үчүн иш ачылган. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык юридикалык баа берилет.
14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Александр Кимдин арызы боюнча “Вечерний Бишкек” басылмасына байланышкан иш кайра каралат. Буга дейре “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызынын негизинде Александр Кимге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Булак: Мезгил Ньюс