“Вертекс Голд Компани” фирмасына адам өмүрү оюнчукпу? Аскатбектин аянычтуу тагдыры (фото)

Мезгил.

Өмүрдү узартуунун башкы сыры – аны кыскартпаганга аракет жасоо. Андыктан ар бир адам бул кыска өмүрдө татыктуу жашоого далалат кылат. Өзгөчө жигиттер мекенди, эли-жерди жана ата-эне, үй-бүлөсүн коргоп, аларга кам көрүүнү моюнга алып, бактылуу жашоого умтулат. Мына ошондой жигиттерибиздин бири Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургуну 21 жаштагы Амираев Аскатбек үй-бүлөсүн, ата-энесин багуу максатында ОсОО “Вертекс Голд Компани” фирмасында тоо кенчи болуп иштечү.

ОсОО “Вертекс Голд Компани” фирмасында 2019-жылдын 13-май күнү Аскатбек түнкү сменде жумушта болгон. Кырсык каш кабактын ортосунда демекчи, кен казууда чоң таш кулап Аскатбекти басып калган. Ал оор жаракат алып, эсин жоготуп эч нерсе билбей жатып калган. Түнкү сменде чогуу иштеген жумушчулар окуя болгон жерден алып чыгып, дароо жергиликтүү медициналык бөлүмгө алып барышкан. Ал жерден абалы оор экенин байкашып, Талас облустук ооруканасына жөнөтүшкөн.  Ал жерден жабырлануучунун омуртка сөөктөрү сынганын аныкташып, Бишкек шаардык №4 оорукана жиберишкен. Бул туурасында жабырлануучу Аскатбек Амираев окуянын чоо жайын түшүндүрүп берди. 

– Таластын ооруканасынан борбордогу №4 ооруканага фирманын кызматкерлери алып келишти. Дарыгерлерге мени “үйдүн шыбынан (крышадан) кулап кеттим” деп айт дешти. Мен дендароо болуп турган жаным ошентип айта баштасам. Апам да бар болчу, чырылдап ыйлап “каяктагы крышадан куладың, кен казууда таш басты” деп айтты.

Ошентип эч кандай операция жасашкан жок. Бир жума дарыланып, ооруканадан чыктым. Фирма мага шаардан бир айга батир жалдап берген, ошол батирде бир ай төшөктө жаттым. Фирмадан кабар үзүлдү. Менин басып, толук кандуу адам катарына кошулуп кетеримди дарыгерлер так айта албайбыз дешти.

Пулуң болсо кулуңмун деген заман экен

Ленин РИИБнен милиция кызматкерлери келип, мага арыз жаздырышкан, алардан да дайын жок болду. Мен иштеген “Вертекс Голд Компани” фирмасына 20 күндөн кийин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан өкүлдөр барып, акты түзүп кетишиптир. Алар да ишти аягына чейин текшеришкен жок, адам өмүрүн тыйынга теңеп коюшту. Акчага алданып, ишти милиция кызматкерлери баш болуп, жаап-жашырып келишти.

Дарыгерлерди да сатып алышты

Ооруканадан ар бир бейтап чыгарда, көзөмөлдөгөн дарыгер жыйынтыктоо (заключение) кагазын бериши керек да. Бирок мага беришкен жок, рентгенге түшкөн сүрөттөрдү гана колума карматышты. Менимче ал кагазды (заключениени) фирмадагылар ишти жабуу максатында мага көрсөтпөй, алып кетишкен.

Оор жумуш жасамак турсун, төшөккө жатып калдым

Өмүр – өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана өмүрдүн таттуулугун сезип, ден соолуктун кадырын билет экенсиң. Учурда оор жумуш жасамак турсун, төшөктө жатам, дааратканага да басып бара албай калдым. Азыр апам менен келинчегим карап жатат. Экөө тең эч жерде иштебейт, келинчегим 10 айлык кызым менен үйдө. “Вертекс Голд” компаниясы болгону 6 айга 20 миң сомдон акча берген, ошону менен жансактап жатабыз. Эми алты ай деле көз ачып жумганча өтүп кетет. Үй-бүлөмдүн таянар тоосу, жалгыз уулу элем. “Эми үй бүлөмдү, кызымды ким багат” деген ойлор менен алышып жатам.

Фирмадан компенсация төлөтөйүн десем, “ишенген сотуңду ээрчитип кел” дешти

Эмгекке жарамдуулуктан чыгып, төшөккө жатып калдым. Эми фирмадан компенсация төлөтөйүн десем “ишенген сотуңду ээрчитип кел” дешип, мени адам катары көрбөй жатышат. Болгон документимди, арызымды Чаткал РИИБсине тапшырганмын. Алар деле эч нерсе чече албай жатат. Компания менен соттошуп, адвокат жалдайын десем акчам жок, алар сотторду деле сатып алабы дейм, №4 ооруканадагы жыйынтыктоо кагазын бербей жаткан немелер.

Азыркы заманда акчалуулар, алдуулар жашап, алсыз, колунда жоктор жашоого да татыктуу жашай албай калган экен. Адам өмүрү бир тыйынга татыбай калган заманда дале үмүт үзбөй адилеттүүлүктү издеп келем. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго байланышсам “Азыр эс алуудабыз, күзүндө ишиңди карап берем” деди. Үмүт үзүлбөйт экен, сиздердин маалыматтан да көпчүлүк жана бийликтегилер билип, адилеттүүлүккө, документтик иштериме, арыздануума жардам кылып кол сунган адамдар чыгат деп ишенем.

Фирманын мыйзамсыз иштерине чара колдоно турган кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылсам болот? Менин абалымды түшүнүп, мага юридикалык жактан кеңеш берген, фирмадан кенемте өндүрүүгө жардамдашууга колун сунган инсандар барбы? Байланыш номерим 0773 212445 (WhatsApp)

 P.S. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жамгыр аймагында жайгашкан ОсОО «Вертекс Голд Компани» фирмасы 2003-жылдын сентябрь айында Юстиция министрлигинен кен казуу жана кайра иштетүү боюнча каттоодон өткөн. 2013-жылдын 12-июнунда кайра каттоодон өтүп, анда түзүүчүлөр менен жетекчиси алмашкан. Түзүүчү катары Ф.Курканин, «Vertex Holding» ЖЧКсы, ал эми жетекчиси болуп Ермошкин Денис Николаевич көрсөтүлгөн. Кендин геологиялык запас 411 миң тоннаны түзүп, анын ичинен 4,8 тоннасы алтын.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *