Мезгил
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция жоюлбайт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча жол картасында карантиндик-фитосанитардык мамлекеттик органдын сөзсүз болуусу жазылган.
Дал ошол себептен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик жана айыл-чарба министрлиги алдында Өсүмдүктөр карантини боюнча департамент түзүлгөн. Алар бири биринин функцияларын кайталабайт. Андыктан, алардын бирин жабуу суроосу каралбайт.
Булак: Мезгил Ньюс