Мезгил
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевдин талапкерлигин сунуштады.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.
Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, сунулган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын айтты.
Эркин Асрандиев 2017-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондусунун төрагасы болуп эмгектенип келген.
Ал эми буга чейинки вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаллдар министине сунушталууда.
Мезгил ньюс