Вице-премьер министр менен кытайлык элчи Солтон-Сарыдагы жаңжал тууралуу сүйлөшүштү

Мезгил.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Давэнь менен вице-премьер министр Жеңиш Разаков жолугушту. Анда эки тарап Солтон-Сары кениндеги окуяны жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.  

Жеңиш Разаков “Өкмөт инвесторлордун да, жергиликтүү элдин да кызыкчылыктарын коргоп, бардык талаштарды укуктук негизде чечет. Турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечүү зарыл. Бул окяны ички иштер органдары тыкыр иликтейт” – деп баса белгиледи.      

Эске салсак, кечээ Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар арасында жаңжал чыккан. Ортодогу пикир келишпестиктерден улам, бири-бирине таш ыргытышкан. Кесепетинен отуздан ашуун киши жараткат алганы кабарланууда.

Маалыматка караганда, кечээ 500го жакын киши чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барып, ишти токтотууну талап кылышкан. Мындан сырткары жергиликтүү эл малдын кырылып жатканын айтып, “буга кен комбинатынын куруу иштери себеп болду” – деп нааразы блушууда.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *