Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардан кабар алды

 Мезгил

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым  болгондой, алар менен маектешүүдө вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгилеп, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен.

Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *