Мезгил
Россиянын лидери Владимир Путин 2 күндөн кийин Кыргызстанга келет.
Тактап айтсак, 28-март күнү Владимир Путин расмий иш сапары менен келет.
Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн аппарат башчысы Константин Чуйченко билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди эки тараптуу кызматташууну жана достукту бекемдеп, өнүктүрүү максатында чакырганы белгиленет.