WhatsApp-Кабар: Аткаминерлер акчасын эмне кылып жоготорун билбей чет жакта эс алып жүрүшсө, Бишкекте келин жаш баласы менен арык тазалап жүрөт (фото, видео)

Мезгил

Бишкектеги Чүй Турусбеков көчөсүндө суу өтүүчү каналды   жаш келин 5 жаштагы баласын жанына отургузуп алып  тазалап жаткандыгы окурманыбыздын жүрөгүнө оор тийген.

 “Бул көрүнүш мени кайдагер каратып койгон жок. Дароо эле ушул келиндин ушул жумушка баласын сызга отургузуп коюп арыкты тазалап жатканына жетишпеген жашоо түрткү болсо керек деген ой ойго келди. Келиндин жанына барып жакындан тааныштым  аты Миргүл экен. Улуу баласы  10  ал эми жанындагы бала 5 жашта аны бала бакчага бергенге акчасы жок. Айла жоктон жумушка ээрчитип келип иштегенге аргасыз. Ал апасы Миргүл менен ысык суукта бирге жүрүп жанында жүрөт экен дейт окурман.

Мындан улам коррупцияга малынган чиновниктерге тиш кайрыган окурманыбыз жетишпеген замандын азабынан эркек киши жасай турган жумушту аял киши аргасыздан жасап, жаш балдарын багууга ушул жолго барып жатканына мамлекет тарабынан көңүл бурулса дейт. Балдар биздин келечегибиз жаш балдар көчөдө отурбастан бала бакчада тарбияланып, мектепте билим алса деген ойдо.

Урматтуу окурман! Эгерде сизде дагы кандайдыр бир ушул сыяктуу окуяларга күбө болсоңуз төмөнкү телефон номерлерге WhatsApp аркылуу билдирсеңиз болот. Биздин байланыш номерлер 0773-53-56-89, 0777 87-09-09.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *