WhatsApp-Кабар: Бишкектеги № 3-балдар ооруканасын таракан каптап жүрөт (видео)

Мезгил

Бишкектеги № 3-балдар ооруканасында таракан каптап жүрөт. Бул тууралуу окурман WhatsApp-кабарга видеосун жөнөткөн. Анда аталган ооруканада кароодо жаткандар бул көрүнүштү тартып нааразы болушкан.

Видеодо бейтап жаткан кроватта таракандар жайнап чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Бейтаптар “кайсы убакта таракандар кулагыбызга кирип кетет” деген кооптонууларында жашырышкан эмес.

Муну менен окурманыбыз “ооруканада тазалык сакталбаганын, таракандар жайнап жүрүшү өтө уят,  башка жай болсо да мейли эле бирок, болгондо да ооруканада мындай көрүнүш нааразычылыкты жаратат”-дейт.

Биз муну менен тиешелүү тарап буга көңүл бөлүп койсо деген ойду айтмакчыбыз.

 Урматтуу окурман! Эгерде сизде дагы кандайдыр бир ушул сыяктуу окуяларга күбө болсоңуз төмөнкү телефон номерлерге WhatsApp аркылуу билдирсеңиз болот. Биздин байланыш номерлер 0773-53-56-89, 0777 87-09-09.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *