WhatsAppка тараган бөйрөгү жок табылган кичинекей кыздар тууралуу маалымат такталды

Мезгил. 

WhatsApp мессенжеринде жакынкы күндөрдөн бери 6-8 жаштагы кыздардын сөөгү чагылдырылган сүрөт таратылды. Аны коштогон маалыматка таянсак, сүрөттөгү эки кыздын сөөгү жол жээгине кытай баштыгына салынып ташталган.  Кыздардын ар биринин жанында 50 миң рубль табылган, ал эми сөөктү текшере келгенде алардын бөйрөгү алынганы белгилүү болгон.

Бишкек ШИИБи балдарды уурдоо эгер болсо дагы бизде эмес, Дагестанда болушу мүмкүн деген жообун кайтарды. Анткени, сүрөт, маалымат менен кошо аудижазуу да таратылууда. Анда Дербент шаарында балдарды уурдоо боюнча алты факты катталганы айтылган.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *