Якутия: Полиция кыргызстандык жигиттерди коркуткандарды кармады

Мезгил

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын кыргызстандык эки жигитти коркуткандар кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн полициясы билдирди.

Анда, полиция элди сабырдуулукка чакырып, ар бир кылмышты күч түзүмдөрү кылдат иликтеп чыгарын билдирип, борборазиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап жатканы айтылат.

Ал эми  Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жазбек Бекболиевдин маалыматына таянсак кыргызстандык эки жигит полицияга кайрылып, аларды коркуткандар полиция тарабынан кармалган.

Якутияда борборазиялык мигранттарга каршы маанай 17-мартта кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккандан кийин күчөгөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *