Японияда кыргыз жаштары үчүн 3400 жумуш орду түзүлөт

Мезгил

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Япониянын “Шеунанизава” курулуш компаниясынын башкы директору Изава мырза менен жолугушту.

Жолугушууда Япония мамлекетинде жарандарды билим берүү жана жумуш орду менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Япониялык ишкерлердин айтуусунда, япониядагы кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн түштүктүн жашоочулары түзөт. Алар төрт багыт боюнча социалдык, курулуш, мейманкана бизнес чөйрөсү жана IT-технология тармагы менен жумушкка орношуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди компаниянын директору.

– Кыргызстандыктар Японияда ишке орношууну кааласа, баштапкы деңгелде жапон тилин билүүсү зарыл. Андыктан Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында жапон билим берүү борбору ачылган жана колледж бар. Бул окууну аяктап, тил үйрөнгөндөн соң, иш менен толук камсыз болот. Японияда Кыргызстандыктар үчүн 3 жылдын ичинде 3400 жумушчу орундарын түзүү демилгеси жүрүүдө. Алардын көпчүлүгүн түштүк тарап түзүшү мүмкүн деди компаниянын директору Изава мырза.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *