Японияда ысык аба ырайынан 11 адам каза болду

Мезгил

Япониялыктарды ысык аба ырайы катуу түйшүккө салды. Акыркы бир жумада 22-28-июлга чейин күн катуу ысып, 11 адам каза болуп, 5664 адам ооруканага жаткырылды.

Аптаптан улам ооруканага түшүп жаткан адамдардын саны мурунку жумага салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөн. Буга июль айынын ортосуна чейин салкын болуп туруп, абанын температурасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон.

Июнда акыркы 30 жылда болбогондой салкын күн өкүм сүрүп, ал эми июлда абанын температурасы 32-35 градус ысып кеткен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *