Япониядагы кемеде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык: Чочулап корккон деле жокмун

   Мезгил

 Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирустун жеңил түрү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн  маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, эки күн мурун кыргыз жаранынын анализдери чыгып, коронавирустун жеңил түрү аныкталган. Ал Япониянын ооруканасына жактырылган.

Ал эми аталган илдетти жуктуруп алган мекендешибиз массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинда ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга келбей тургандыгын жана бул оорудан чоочулабаганын айтты.

-Мен коронавируска кабылганым тууралуу  26-февраль күнү эртең менен билдим. Чочулап корккон деле жокмун. Коронавирус жукпаган күндө дагы жакында барбайм го. Учурда Токионун борбордук ооруканасында жатам. Баары жакшы болот дешти. Үйдө болгуча ооруканада жатканым кыйла жакшы экенин айтып жатышат. Себеби үйүнө жиберилгендердин кээ бирлери кайра ооруп жатыптыр. Жөтөлүп, температура болгон жокмун. Жөн эле жата берип зериге баштадым-дейт ал.

Эске салсак, буга чейин  Япониядагы Diamond Princess лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы айтылып, бирок бул маалымат кийинчерээк четке кагылган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *