Ыр дүйнө: Дүйнөдө жол бүткөндөр күтүүдө сыяктанат…

Мезгил

“Апапак кары болуп жаагым келет

Сен жүргөн ошол кыштын багын ачып”

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ: Кышкы баллада

Алып чыктым сени ээрчитип,

Кар боройлоп турган кезде көчөгө,

О, ал биздин эң кийинки кеч эле.

Жактырчумун дайым сени,

Дал ушундай кар чаңында карашты.

 

Чымкый кара пальтоңо алар жарашчу,

Калган өңдүү байчечекей ачылып.

Жылдыздары төмөн-төмөн асылып,

Кулаарына аз калган.

 

Бермет төккөн баркут сындуу асмандан

Сен өзүңө пальто тигип кийгендей,

Ак кар сага жарашчу.

Жактырчумун анда өзүңдү карашты.

 

Эсим жыйып жалт карасам,

Жок экенсиң ордуңда.

Боор оорубай сен деп жүргөн шордууга,

Каяккадыр качып бара жатасың…

 

Көп чакырдым, калдым бирок кур жалак,

Этегине ороп алып,

Алып кетти бурганак.

Ага болбой издеп келем

Калдыбы деп тамашалап жашынып.

 

Караан көрүп сенби десем,

Жөн көлөкө болуп чыгат,

Карда жаткан арка-жонун кашынып…

Сендиректеп кайттым жалгыз,

Элсиз ээн көчөдө.

О, ал биздин эң акыркы кеч эле…

Алым ТОКТОМУШЕВ: Кыш

Жел жүрөт – жел ойгонот.

Жымжырттык эчкиргени камданат.

Кар алдында калгандай эч ким мени

жоктобойт. О, сен аны ойлобо, эстен чыгар!

Жылтырайт терезелер Жаш толгон көздөр сыңар.

Кар басып чуңкур, түздү, короону шамал тинтет,

түнт түтүн түрмөктөлүп алыстайт бу тирликтен.

Көөдөндө тилсиз булбул -өрөпкүп жүрөк качат.

Дүйнөдө жол бүткөндөр күтүүдө сыяктанат.

Керексиз качандыр бир Карт баскан жараны ачыш…

…Кайдандыр башка бирөө башка итти авалатат…

Эгемберди ЭРМАТОВ: Кар лапылдайт

Кар лапылдайт. Биз экөөбүз жолугуп

Олтурабыз тааныш кемпир үйүндө.

Тар, караңгы бөлмө. Бир аз корунуп

Колдоруңду апкелесиң мүрүмө.

 

Биздин турмуш башкаларга белгисиз,

Түшүнүксүз бул сыйкырдуу мамиле.

Жүрөк күсөп жүргөн күүнү чертебиз –

Кантип сыйды бул жапан күч денеге?..

 

Бир кезекте канат күүлөп учалбай

Калып калган арманыбыз төп келип

Шуктурабыз, пайдаланып учурдан

арабыздан далай жылды өткөрүп…

 

Сен баягы шыңгыраган күлкүңдү,

Ким бирөөнүн кучагында калтырып,

Токтоо тартып, ого бетер сүйкүмдүү

Көрүнөсүң. Таарын, наздан, алтыным!

 

Кар лапылдайт. Тааныш кемпир үйүндө

Ээн-эркин аалам менен иш болбой

Буркан-шаркан жуурулушуп сүйүүгө –

Жаңырабыз шаңдуу, бийик обондой.

Табылды МУКАНОВ:Ак аяз

Аяз, сага рахмат,

Уят качкан жүздөрдү

Уят сүртүп кызарттың.

Мүштөк сымал морлордон

Түтүн чубап буладай,

Тепең-тепең бийлеттиң

Бий билбеген бийкечтерди субагай.

Троллейбус – муздаткыч,

Автобустар – муздаткыч,

Бүтүн дүйнө – муздаткыч!

(Эх, бузулуп кетет деп

Биз бекерге бадыраңды,

Балыктарды туздаппыз!)

Так түйүлүп, тайраңдап,

Жылан болуп ышкырасың, кар атып,

Келдиң бекен шаарыма

Плутондон адашып?

Марттыгың ий, мех сунган,

Кылыгың ий, бетке урган,

Аял каардуу ак аяз,

Түшсөң керек Нептундан.

Салижан ЖИГИТОВ:Токойчунун тамында өткөргөн түн

Карарып терезеде түн түнөрөт,

Түн үшүп, айнекти аймап, калч-калч этет.

Капчыгай шамал үйлөп күңгүрөнөт.

Жыпжылуу мен ичинде жаткан төшөк

 

Шуулдайт жаңгак токой азап күтүп,

Шуулдайт салмак менен, дүмөк менен.

Шуудурап жалбырактар жатат түшүп,

Мен аны угуп жатам жүрөк менен.

 

Күркүрөйт шамал күчөп кезек-кезек,

Бутактар кычырашат алда кандай,

Каргалар чочугандан “карк! карк!” этет,

Уюлгуйт жалбырактар кар жаагандай.

 

Толтуруп эс-дартыңды коркунучка,

Капчыгай карт токоюн гүүлдөтөт.

Ит улуйт. Ал улубас жакшылыкка.

Улушу бүткөн бойду дүрүлдөтөт…

 

Уңулдап сур учурган түн койнунда

Уйкуга кеттим чөгүп… Бир оокумда

Мен чочуп… Жымжырттыктан ойгондум да,

Таң калдым… терезенин кыроосуна.

 

Тыңшадым. Дүйнө тымтырс. Эшик жакты

Карадым басып барып, терезе ачып:

Акыркы жалбырактар түшүп жатты

Биринчи жааган карга аралашып…

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *