Мезгил
Ырчы Мирбек Атабеков үчүнчү ирет ата болду. Ырчынын жубайы Мээрим АКШдагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Бул тууралуу Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал бүгүн 26-февралда кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ырчы мырза кызына Сүйүү деген ысым ыйгарганын белгиледи.
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепбергендин буга чейин Адам деген уулу жана Ыйман кызы бар.
Мезгил ньюс