Ыргал Кадыралиева: Эгерде Атамбаевге кылмыш иши козголбосо, анда азыркы тергөө абагында отургандар эркиндикке чыгышы керек

Мезгил

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Ыргал Кадыралиева менен азыркы саясий абал туурасында  азын-оолак маек курдук.

– Атамбаев Путинге жолукту. Жолугушуунун натыйжасы Кыргызстандын саясий аба-ырайына кандай таасир этет?

Владимир Владимирович Путин өзүнүн калыс пикирин айтты. Орус бийлигинин биздей союздаш өлкөлөргө карата жасаган мамилесин билип келебиз. Бирок бул жолку жолугушуулар башкачарак болду. Алгач учурдагы президент менен жолугуп, кийин экс-президентти кабыл алып олтурат. Мунун өзү чоң маселенин башын ачып берди. Соц. тармактарда «Атамбаевге каршы кылмыш куугунтугун токтотууну суранды» деп жазып жатышат.

– Куугунтук деп кайсыл ишти айтайын дедиңиз эле?

– Азыр Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча күбө катары эле чакырып жатышкан. Демек кылмыш куугунтугу деп жаткандар негизинен ушул ишти айтып жатышат. Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен учурда бул ишке Кремль киришкенидиги тууралуу сөздөр айтылган. Демек бул маалыматтын чын экендиги ачыкталды десек болот.

– Атамбаев Батукаевдин иши боюнча суракка дагы эле келбей турган болсо не болот?

– Эгерде Атамбаевге карата кылмыш иши козголбой, токтотулса анда азыркы тергөө абагында отургандар да эркиндикке чыгышы керек. Путиндин кийлигишүүсүнөн кийин Бишкек ЖЭБге, Батукаевге жана башка экономикалык кылмыштарга байланыштуу иштер токтотулса, анда элдин бүгүнкү президентке болгон ишеними дагы бир жолу жоголот.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *