Ысык-Атада жол кырсыгынан 5 адамдын өмүрү кыйылды

Мезгил

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Ысык-Ата районунда жол кырсыгы 5 адамдын өмүрүн алды. 

Маалым болгондой, авария бүгүн эртең менен Ивановка жана Ак-Сай айылдарынын ортосунда болгон. 

“Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай  “Тойота Камри” менен сүзүшкөн. Ал эми экинчи унаадагы 5 адам, анын ичинде эки бала көз жумду. Дагы эки жаш бала ар кандай жарааттары менен ооруканада.  Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *