Ысык-Көлдө кичи автобус жолдон оодарылып 17 адам жабыркады

Мезгил

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан17 адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти. 

Маалым болгондой  кечээ 9-июлда  Тору-Айгыр жана Кош-Көл айылдарынын ортосундагы тилкеде кичи автобус оодарылып кетти.

Аны Бишкек ички иштер башкармалыгынын туристтик милициянын кызматкерлери байкап калышкан. Алар Тез жардам кызматы келгенче, жабыркагандарга алгачкы жардамын көрсөтүшкөн.

Кичи автобустун жүргүнчүлөрү ар кандай жарааттары менен ооруканага жеткирилди. Бактыга жараша, каза тапкандар жок.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *