Ысык-Көлдө скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын издөөгө 300гө жакын адам тартылды

  Мезгил

Ысык-Көл облусунда Казакстандын жаранын издөөгө жалпы 280 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.

  Маалым болгондой бүгүн, 16-июлда издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылды. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлүүдө. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшүүдө.  

Белгилей  кетсек, 14-июль күнү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын Кара-Көл эс алуучу жайында,  эс алып жүргөн  53  жаштагы жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *