Ысык-Көлгө эки адам чөгүп каза болду

Мезгил

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,  кечээ 22-июлда Ысык-Көлгө дагы эки адам чөгүп каза болду. 

Маалым болгондой, саат 17:08 чамаларында Ысык-Көл районундагы “Академия Наук” пансионатынын пляжында 1981-жылы туулган Т.А. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине ӨКМинин №31 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана ӨКМинин Суучулдарды даярдоочу борборунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгышкан.

Ошондой эле 18:45 чамасында “Голубой Ысык-Куль” пансиянатынын пляжында 1947-жылы туулган Ш.Т. аттуу (эркек) жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, анын сөөгү да ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *