Мезгил
Юрий Краковецкий мыкты дзюдочулар рейтингинде 11-орунга түшүп калды. Жаңыланган тизме дзюдо боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, Краковецкий Японияда өткөн эл аралык турнирде биринчи беттеште эле утулуп, медаль үчүн сынактан чыгып калган.
Дал ушунун айынан ал 11-позицияга түшүп калды. Ал эми дагы бир мекендешибиз Отар Бестаев катары менен 3 жолу жеңишке жетип, 5-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч ага 360 упай топтоп, рейтингдин 29-тепкичине жайгашууга мүмкүнчүлүк берди.
Булак: Мезгил Ньюс