Өзүбү, же жардам бериштиби? Ош облустук прокурорунун орун басарын асынган абалда табышты

Мезгил. 

Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө  Кожошевдин сөөгү өз үйүнөн табылды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, прокурордун орун басары өз өмүрүнө кол салган.

Бүгүн эртең менен Төрө Кожошевди үйүнөн  асынган абалында табышкан. Азырынча маркум өзү асынып алган деп божомолдонууда. Эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз, бирок, иликтөөлөр жүрүп жатат. Кеңири маалыматты Башкы прокуратура иликтөө аяктаган соң берүүнү убадалады.

Маалым болгондой, Кожошев 54 жашка чыккан, ал  эмгек эргүүсүндө болуп, бүгүн, 10-сентябрда ишке чыкмак.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *