Өзүңдү өргө сүрөөчү 10 кеңеш

Мезгил

1. Өткөн ишке өкүнбөш керек. Өмүрдөн алган соккулардын баары эле маанилүү эмес. Маанилүүсү-биздин кайгы-капага моюн сунбай, алга карай умтулуп, өмүр сүрүп келе жаткандыгыбыз.

Өмүр өлүмдөн сураптыр: “Адамдар эмне үчүн сени жек көрөт?”А мени эмне үчүн жакшы көрөт?”. Ошондо өлүм:-Сен татуу калпсың, а мен ачуу чындыкмын,-дептир

Өмүрдүн эң таттуусу жана кызыктуусу-жолдоштукка адал досторуңдун көп болуусу.

Өткөнгө өкүнүүнүн кереги жок. Бирок жаңылыш кадамдардан сабак алып, аны кайра кайталабаш керек.

Өзүңүздөн мыкты адамдар менен бирге жумуш иштөөгө тырышыңыз. Себеби, ал адамдар өсүүгө көмөкчү болот.

Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз, башкалардан төмөн көрбөңүз, сиздеги айрым өзгөчөлүктөр башкаларда жок экенин эстей жүрүңүз.

Сиз өзүңүздү бактылуу адам катары көрсөтө билиңиз, ошондо чыныгы бактылуу болосуз.

Ар дайым жаныңыздан табылып, сиз үчүн баарын унутуп, сизди кечире билген адамдын кадырына жетип баалай билиңиз. Андай асыл адамдар өмүрдө бир гана жолу кезигет.

Жалкоолук-өнөрдүн душманы. Кайратсыздык, уятсыздык, жоопкерсиздик, кедейлик- баары ушундан башталат.

Адамдар эки нерсенин кадырын билбейт: бири-ден соолук, экинчиси-убакыт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *