Закир Шарапов: Чек ара маселеси бир заматта бүтө турган маселе эмес

Мезгил

Бүгүн, 26-июлда  президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту. Анда эң негизги көйгөйлөрдүн бири болгон кыргыз-тажик чек ара маселесине бул жолугушууда чекит коюлабы? Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповго суроо салганыбызда эл өкүлү чек ара маселеси бир заматта бүтө турган маселе эмес деген пикирин билдирди.

– Чек ара маселеси бир заматта чечиле турган маселе эмес. Мындай жолугушуулар сүйлөшүүлөр бат-бат болуп туруш керек. Чек ара менен иш алып барган мамлекеттер аралык паритеттик комиссия Баткенде же Ошто жайгашып, күн сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жолугушуулар аркылуу маселени аз аздан болсо да алдыга жылдырышы керек деп ойлойм. Борбордо отуруп кат аркылуу маселе чечилет деген болбогон нерсе. Минтип күн сайын талыкпастан иш жүргүзүү зарылдыгын ар бир комиссиянын мүчөлөрү сезиш керек. Ошондой эле ар бир учурга жоопкерчилик менен мамиле кылуу керектигин да унутпаш керек – деди  депутат Закир Шарапов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *