Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов курч калем сабы менен бүтүндөй ааламды багындырган

Мезгил

Дүйнөнү эки Чыңгыз багындырды, бири кылычы менен багындырса, экинчиси курч калем сабы  бүтүндөй ааламды багындыра алды. Ал ким эле? Ким болгон? Эң биринчиден Ч. Айтматов кыргыз улутун, духун, кыргыз элин бүтүндөй ааламга даңазалап, Ала-Тоонун боорунда алакандай болгон улут , көздү курчоосун алган кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, ак калпак, ак элечек кийген касиеттүү,улуу кең пейил , таланттуу эл бар деп-дүйнөгө өзүнүн таамай, курч, көркөм жазылган чыгармалары менен таанып, дүйнөгө «кыргыз» деген имаратты куруп кетти, ошондой эле кыргыз элинин сыймыгы, тарыхыбыздын улуу инсаны катары жүрөгүбүздө сактала бермекчи. 

Төрөкул Айтматов белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер. Учурунда ал 1920-21-жылы болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды-жалчылар комитетинин секретары, 1924-26-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1926-29-жылдары Каракол-Нарын округдук комитетинин, Жалал-Абад кантондук комитетинин секретары, 1929-31-жылы Кыргыз АССРинин өнөр жай-соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин председатели, Араван-Буура райкомунун 1-секретары жана 1934-35-жылдары ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун 2-секретары болуп иштеген.

Ошондой эле, Айтматов 1927-28-жылдары республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. Ал эми 1937-жылы Москвада партиядан четтетип, жазыксыз камакка алышкан. Камака алынарда мурун жубайы Нагима Айтматованы туулган жери Таласка кеттүгө көндүрүп Казан вокзалынан узаткан.

1938-жылы 5-ноябрда атылган. Ал эми аялы Нагимага 10 жылга кесилип лагерге жөнөтүлдү деп кабар беришкен. Айтматов каза болгондон кийин  жубайы Нагима  Таластагы күйөөсүнун туугандарынкында жашаган. “Эл душманын аялы” деп ага жардам бергенден баш тартышкан. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп балдарын жалгыз өстүрүп эптеп күн көруп келген. Төрөкул Айтматовдун атылып кеткенин билбей анын кайда экенин билүү үчүн тынбай аракет кылып издеген. бирок издегенинен натыйжа чыккан жок. Кийинчирээк анын ошол жылдары эле атылып кеткенин, эч кандай лагерге кетпегин билген. 1957-жылдары акталып, партиялуулугу калыбына келтирилип, сөөгү 1991-ж. Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган. Туулуп-өскөн жери Шекер айылындагы мектепке Төрөкул Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган. 

Келечектеги жазуучунун алгачкы кадамдары

Кыргызстандын залкар уулу жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов сегизинчи класска чейин окуп, андан кийин 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумга тапшырган. Ал эми, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Окуп жүргөндө эле жазып, окуяларды басып чыгара баштаган. 

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти,  Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник,  “Литературный Киргизстан” журналынын редактору,  “Правда” гезитинин өз кабарчысы, Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдары Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси болуп иштеген.

1956-жылы жогорку адабий курсуна тапшырып 1958-жылы аяктаган. Окууну бүткөн жылдары “Октябрь” журналына  кыргызчадан  орус тилине которулуп “Бетме-бет” чыгармасы жарыяланган. Ошол эле жылдары “Новый мир” журналына  баяндары чыккан жана ошондой эле “Жамиля” повести жарыкка чыккан. Ушул чыгармасы Айтматовду  бүт дүйнөгө тааныткан. 1965-жылга чейин Айтматов жалаң кыргыз тилинде жазаган. Биринчи жолу орус тилинде “Кош бол, Гүлсары” аттуу повести жазылган. Улуу жазуучунун чыгармалары  60 миллиондон ашык нуска менен жалпы нускада басылып чыккан жана дүйнөнүн 170ден ашуун тилдерге которулган.

Анын чыгармалары опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча кинофильмдер тартылган. Тартылган тасмалары эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

1965-ж. “Биринчи мугалим” режиссёру Андрей Кончаловский

1968-ж. “Жамиля” режиссёру Ирина Поплавская.

1976-ж. “Ак-кеме” режиссёру Болотбек Шамшиев.

1990-ж. “Кылым карытар бир күн” режиссёр Ходжакули Нарлиев.

2008-ж. “Кош бол, Гүлсары” режиссёру А. Амиркулов. 

2009-ж, “Кызыл алма” Төлөмүш Океев.

1967ж. “Саманчынын жолу” режиссёру Геннадий Базаров.

Академик Чыңгыз Айтматов

Жазуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Европа илимдер, искусство жана адабият академисынын мүчөсү жана Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын академиги. Ошондой эле ал “Ысык-Көл” эл аралык интеллектуалдык кыймылынын демилгеси болгон.

“Сөөгүмдү атамдын жанына койгула” деп керээзин айткан

Чыңгыз Айтматов атасынын күмбөзүн көпкө издеп, 1990-жылдары гана тапкан. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда  Германиянын  Нюрнберг  шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган. Ал көзү өтөөрдө жакындарына атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюуну керез кылып айтып кеткендиктен, сөөгү  Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *