Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды. Ага кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгуусуна байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бул ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карады.

Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан которулган. Депутат аталган ооруканадан 29-июлда чыккан жана абалы бир аз жакшырганы айтылган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

Эске салсак, булиш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана дарыгерлер кармалып, алардын айрымдары үй камагына чыгарылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *