Өзбекстанда Кыргызстандын жарандары сабалды

Мезгил

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан анклавында кыргызстандык ата-бала сабалды.  

Маалымдалгандай,  окуя алар 19-июлда Машаллан жайытынан Кызыл-Булак айылына кайтып келе жатканда болгон. Кыргызстандын жарандары дүкөндүн жанынан сабалган.

«Жолдон токтоп дүкөнгө кирип, кайра чыгып жатканда Шахимардан анклавынын 20дай тургуну экөөнө кол салган. Мунун кесепетинен 48 жаштагы киши жана 18 жаштагы уулу ооруканага жаткырылды. Бул туурасында бизге эртеси 20-июлда маалымат түштү. Аталган аймак Өзбекстанга тийиштүү», — деп милициядан билдиришти.

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургундары жеңил жараат алып, тиштери сынган. Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары жаңжалдын себептерин иликтеп жатат. Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *