Өзбекстан премьер-министринин Кыргызстандагы сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

    Мезгил

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон  жумуш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишим;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө 2017-жылдын 5-октябрындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте эки жактуу кызматташууну активдештирүү боюнча иш-чаралар планы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *