Өзбекстандын жараны адам ѳлтүрүүгө шектелүүдө

Мезгил

Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жайгашкан «Ак-Тилек» мейманканасынын бѳлмѳлѳрүнүн биринен бүгүн 26-июлда, эрте мененки саат 08.30 чамасында адам колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн жашы болжол менен 30-35 тердеги аял кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирет.

Андагы маалыматка таянсак өлүктү кароо учурунда анын кекиртегине сайылган учту нерседен каза болгондугу аныкталганы айтылат.

– Кылмышка шектүү катары, Кадамжай районунда жайгашкан чек ара посту аркылуу ѳтүп  кетүүгѳ аракет жасап жаткан учурда, Өзбекстан Республикасынын 23 жаштагы жараны кармалды. Ал жасаган кылмышын моюна алып, тиешелүү кѳрсѳтмѳлѳрдү берүүдѳ. Шектуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды-деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *