Зеленскийдин кортежи жол кырсыгына учурады

Мезгил

Кечээ 14-июль күнү Запорожская облустунда Украина президенти Владимир Зеленскийдин кортежиндеги автоунаа менен  балдарды ташып бара жаткан автобус сүзүштү. Бул тууралуу ТАСС басылмасы  билдирди.

Маалыматка караганда жол кырсыгы балдарды эс алуудан алып келе жаткан автобустар колоннасын президенттин кортежиндеги Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү эки жеңил автонунаа жана коопсуздук кызматынын бир автобусу озуп өтүүгө аракет кылганда болгон. Ошол маалда бир жеңил унаа менен балдар бара жаткан  автобус сүзүшкөн. Бактыга жараша жол кырсыктан автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркаган эмес. Ал эми президенттин кортежиндеги унаа катышкан жол кырсыгында Зеленскийдин  өзү болгон эмес. Ал Оддесса шаарында иш сапары менен жүргөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *