Зеренин “Кыз” клибин жактырбагандар талкуудан коркутуп-үркүтүүгө өтө башташты

Мезгил. 

Жакында Зере аттуу ырчы коомчулукка  өзгөчө клиби менен таанымал болду. Клипте менталитетке туура келбеген көрүнүштөр чагылдырылгандыктар, ал тууралуу талкуу көп болду. Аны жактыргандар да, жактырбай нааразы болгондор да бар.

Зере соцтармактагы баракчасына ага карата коркутуулар да пайда боло баштаганын жазып чыкты. Мындай билдирүү анын “Инстаграмдагы” баракчасына жеке кат түрүндө келген. Белгисиз колдонуучу ырчыдан “Кыз” аттуу ырына тартылган клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылган. Эгер өчүрбөсө өлтүрүп кетээрин белгилеген.  

Андан кийин бир канча убакыт өткөндөн кийин Зере соцтармактагы баракчасына коркутуу боюнча милицияга арыз жазганын кабарлады.

 

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *