Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси ири өлчөмдөгү пара менен кармалды

Мезгил

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип кармалды. Аны Аскер прокуратурасы колго түшүргөн. Биринчи Май райондук сотунда Жолборсовго бөгөт коюу чарасы каралып, 6-июлда №1 Тергөө абагына эки айга камалган. 

Болжолдуу маалыматтарда министрдин кеңешчисинин жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылган. Бирок, Аскер прокуратурасы бул маалыматты бышыктай элек жана муну тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштырып жатат.

Эске салсак, Нурбек Жолборсов менен Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогу иштейт. 
Жолборсов Нурбек Жаныбекович 35 жашта, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясында 71чи тизмеде катталган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *