Өзгөн районунда коронавирус катталды деген маалымат боюнча министрлик эмне дейт?

 Мезгил

  Өзгөн районунда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, Кыргызстанда вирус катталган жок. Чек ара бекеттеринде, аэропорттордо адистер өлкө аймагына киргендерди тепловизор менен текшерип жатат.

Коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди.

 Белгилей кетсек,  социалдык тармактарда  Өзгөн районунда коронавирус катталды деген маалымат тараган. 

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *