“Жүк-200”. Түркияда 21 жаштагы кыргыз кыз каза тапты

Мезгил. 

Түркиянын Анкара шаарында 21 жаштагы кыргызстандык кыз каза тапканы маалым болду. Анын сөөгүн мекенине акысыз жеткирүү боюнча “Пегасус” компаниясы менен сүйлөшүу жүрүп жатканын Кыргызстандын Анкарадагы консулу Чыңгыз Абдурахманов билдирди.

Маалыматка караганда, кыз ал жакта апасы менен чогуу жашаган. 31-августта достору менен бассейнге барып эс алган. Ошол күндүн түнү үйүндө жүрөгү токтоп калган. Учурда кыздын эмнеден каза тапканы так аныктала элек, териштирүү жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, кыз апасы менен уруша кетип, дары ичип алган.

Түркиядагы кыргыз мигранттарынын саны 20 миңден ашаары расмий маалыматтарда айтылат. Өткөн жылы түрк өлкөсүнөн Кыргызстанга 15 “Жүк-200” келгенин Стамбулдагы кыргыз консулдугу маалымдады.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *